Бардык расмий документтер, анын ичинде инвойс жана келишим, кардарга толук берилет. Процесс мыйзам талаптарына толук ылайык жүргүзүлөт.
Кардар менен түзүлгөн келишим — кызмат көрсөтүү процессин расмий баштоонун биринчи кадамы. Бул келишимдин негизинде унааны издөө, текшерүү жана сатып алуу кардардын талаптарына ылайык жүргүзүлөт. Келишим шарттары менен үлгү документтер аркылуу таанышууга же “Үлгүнү жүктөө” баскычы аркылуу жүктөп алууга болот.
Үлгүнү жүктөө
Унааны сатып алуу боюнча сатуучу менен келишим түзүлгөндөн кийин, унаанын маалыматы жана баасы көрсөтүлгөн инвойс кардарга жөнөтүлөт. Инвойс кардардын өздүгүн тастыктаган документтин (паспорт же ID карта) негизинде даярдалат. Инвойс аркылуу каалаган банкка кайрылып, төлөм жүргүзсөңүз болот. Банктан алынган төлөм тастыктамасын бизге жөнөткөндөн кийин, 2–3 жумуш күнүнүн ичинде каражат биздин эсепке түшкөнү тууралуу ырастоо аласыз.
